Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.08.2019 17:06

Жашын жашырып турмушка чыккан: 17 жашында төрөгөн кыздын иши сотто каралды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн райондук сотунда Жазык кодексинин 178-беренесинин (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде айып тагылган Улара (аты өзгөртүлдү, А.У.) менен Мыктыбектин (аты өзгөртүлдү, С.у.М.) иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

2018-жылдын 15-сентябрында Өзгөн районунун 1972-жылы туулган тургуну Улара 2002-жылы туулган кызы Гүлүм (аты өзгөртүлдү, Т.к.Г.) 18 жашка чыга электигин билип туруп Мыктыбек менен нике кыйдырган. Ушул жылдын 17-июлунда 17 жаштагы Гүлүм Ош шаардык төрөт үйүндө уул төрөгөн.

Сот отурумунда Гүлүмдүн апасы Улара кызы 18 жашка чыга элек кезинде турмушка бергенин мойнуна алган. Ал кызы менен күйөө баласы кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнүн жана баланын ата-энеси кызынын колун сурап келишкенин билдирди. Кызы менен күйөө баласы уулдуу болушуп, чогуу жашап жаткандыгын айтып, соттон кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү өтүндү.

Өзгөн районунун 1991-жылы туулган тургуну – айыпталуучу Мыктыбек дагы күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Өзүнүн айтымында, ал 2018-жылы Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Эгер айылында устачылык менен алектенип жүрүп жубайы Гүлүм менен таанышып калган. Бирок ал Гүлүмдүн 18 жашка чыга электигин билген эмес. Ошондон тартып экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшүп, Сузак районунун Ырыс айылындагы Ч.М.нын үйүндө нике кыйдырышкан. Ал жубайы 18 жашка чыга электигин билгенде мындай кадамга бармак эместигин айтып, жеңил жаза берүүнү өтүнгөн.

Гүлүм дагы жолдошу менен таанышканда жашын айтпагандыгын тастыктап, апасы менен жолдошуна эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Сот отурумунда жаш жубайлардын никесин кыйган К.С. Сузак районуна караштуу Ырыс айылындагы мечитте 2008-жылдан бери имам болуп иштеп келе жатканын айтты. Ал окуя болгон күнү нике кыйып бериңиз деп суранып келишкенин жана кыздан жашын сураганда ага Гүлүм 18 жашта, үйлөнүп жаткан Мыктыбек 27 жашта экенин айтышкан.

Жыйынтыгында Өзгөн райондук соту эки тараптын бири-бирине доосу жок болгондуктан Жазык кодексинин 83-84-беренелеринин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер) негизинде айыпталуучуларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотту.

Маалымат:

83-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

1. Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелектин жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×