Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 17.08.2019 12:35 На русском

«700 миң сом жана унаа уткан»: Ак-Бууранын жээгиндеги короз уруштуруучу жай жана мыйзамсыз 723 курулуш. Видео

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги короз уруштуруучу жай
Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги короз уруштуруучу жай

Turmush -  Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги короз уруштуруучу жай шаардыктардын тынчын алууда. Жергиликтүү тургундар анын жанына мыйзамсыз курулуш иштери дагы башталганын аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, Ак-Буура суусунун жээгине короз уруштуруучу жана кумар оюндарын ойноочу жайлар курулуп жатат. Тургундар курулушка каршы болгондорду короз уруштарын уюштурган Н.Г. жана Нургазы аттуу жарандар коркутуп жатышканын айтышууда. Алар короз уруштурууга келген адамдар унааларын үйлөрүнүн алдына токтотуп, ыңгайсыздык жаратып жатышканын, короз уруштуруу түнгө чейин уланып, түрдүү кыйкырыктар угулуп жатканын билдиришти. Ал жерде ажаткана дагы жок.

Курулуш иштеринен улам тигип койгон бактары кыйылганын айткан Мансур Узгенов курулуштар мыйзамсыз экенин белгиледи.

«Ак-Буура суусунун жээги жашылдандыруу үчүн берилген. Мен тиккен дарактар өсүп калган. Алардын баарын кыйып, короз уруштуруу үчүн жай куруп башташты. Биздин сөзүбүздү угуп да коюшкан жок. Ар кандай коркутуу-үркүтүүлөр болду», - деди ал.

Шаардагы Ленин көчөсүнүн жашоочусу, жеке ишкер Нурдин Мамбеткуловдун айтымында, буга чейин короз уруштуруучу жайда адамдар мушташып, бычакташууга чейин барышкан.

«Короз уруштуруучу жайды жаап бергиле деп 4 жылдан бери кайрылбаган жерибиз калбады. 20-30дай адамдын атынан арыз менен кайрылганбыз. Милиция текшерип кетип, “бул мыйзамсыз курулуш, токтотобуз” дешкен. Ак-Бууранын жээгин ажатканага айландырып салышты. Жаңы курулуп баштаган курулуш дагы кумаркана болот экен. Короз уруштуруучу жай деп куруп алышып, бардык арам иштерди жасашат. Жергиликтүү бийликтен ушул жерлерди жапсын деп суранабыз», - деди Нурдин Мамбеткулов.

Идаят Тажыбаева кумаркана болот делген жер ага таандык экенин билдирди. Жер тилкесине тиешелүү документтери да бар. Өзүнүн айтымында, анын жерине башка бирөөлөр курулуш иштерин башташкан.

«Негизи жер мага тиешелүү. Бирок бул адамдар өз билемдик менен эле куруп башташты. Менин колумдан эч нерсе келбей калды. Бойго жеткен кыздарым, уулдарым бар. Бул жерге кумаркана ачылса, кантип жашайбыз? Бала-чакамдын өмүрүн ойлоп үн катпай келдим. Керек болсо сенин жериңди кошуп тосуп алам деп догурунушкан», - деди Идаят Тажыбаева.

Аймактык кабарчы жогоруда аты аталып, мыйзамсыз курулуш иштерин баштаган делген Нургазы аттуу жаран менен байлынышканда ал учурда курулуш иштери токтоп турганын айтты.

«Мен ал жерге жеңил типтеги курулуш куруп жаткам. Азырынча пайдубалы эле тургузулган. Арызданып жаткан адамдардын өздөрүнүн ошол жерде мыйзамсыз курулган ишканалары бар. Ал жерден чыккан таштандыларды Ак-Буурага ташташат. Мамэкотехинспекция ал курулуштар бузулат деген», - деди Нургазы.

Аймактык кабарчы короз уруштуруучу жайга дагы барды. Ал жерге короз уруштурууга барган Самат аталган жай тууралуу милиция кызматкерлери кабардар экенин билдирди.

«Короз уруштуруу негизи мыйзамсыз. Мусулманчылыкта деле бул иштин адал эместиги айтылат. Бул кумар оюндарына кирет, көп суммадагы акча коюлат. Аймактык милиция кызматкерлери келип, 2-3 миң сомго чейин алышат деп уккам. Бирөө келбейт, дайыма экиден келишет», - деди Самат.

Ал байгеге акча коюунун да өзүнүн шарттары бар экенин айтты.

«Жакында эле короз уруштурууга Кара-Суу районунан келген киши 700 миң сом жана “ВАЗ 2107” унаасын утуп алды. Уттурган акчаны сөзсүз бериш керек. Эгерде чыр салса, анын намысына тие турган ар кандай жаман сөздөр айтылат. Оюндун шарты ушундай», - деди Самат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков короз уруштуруучу жай боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.

«Ош ШИИБдин кызматкерлери текшерүүгө алган. Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери да кызматтык иликтөө жүргүзүшкөн. Милиция кызматкерлери ал жерден акча албагандыгы аныкталган», - деди Замир Сыдыков.

Ош шаардык аймактар аралык мамэкотехинспекциянын улук инспектору Дастан Мурзалиев Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги курулуштарды токтотуу боюнча курулуш ээлерине кат жолдонгонун айтты.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Ленин көчөсү №710 дарегиндеги жана анын айланасындагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кат келип түшкөн. Ал жерде 4 объект жаңыдан курулуп жаткандыгы аныкталган. Бирөөсүнүн иши сотко өткөрүлүп берилген. Үч курулуш боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Калган объектилерге административдик айып пул салынган. Андан сырткары жашоочулар арызданып жаткан курулуш жеңил типтеги курулуш болуп саналат. Аны токтотуу боюнча Нургазы аттуу жаранга кат жолдогонбуз. Короз уруштурулуп жаткан жай боюнча бизге эч кандай арыз түшө элек. Эгерде арыз түшсө карайбыз», - деди ал.

Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында 723 мыйзамсыз курулуш аныкталган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Эшбаев билдирди.

«Ак-Бууранын коргоо тилкесинде 723 мыйзамсыз объект бар. Коргоо зонасындагы 19 жер тилкеси мамлекеттин карамагында, 76 жер тилке муниципалдык менчикте (жергиликтүү бийликтин карамагында). Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү документтери жок курулуш куруп алгандар аныкталган. Мындай мыйзамсыз курулуштар укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, иш Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилүүдө. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматынын жана прократуранын кызматкерлери тарабынан документтердин мыйзамдуу берилгени боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттары курулуштар Ак-Буура дарыясынын жээгинен 50 метр алыста курулсун деген токтом чыгарган. Бул маселе быйыл кайра каралып, 20 метрге кыскартуу боюнча сунуштар айтылып жатат. Себеби 50 метрден жакын курулган курулуштар, турак үйлөр мыйзамсыз болуп калат. Мамлекет өзү чыгашага учурап калышы мүмкүн», - деди Талантбек Эшбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×