Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 17.08.2019 14:47

Сүрөт — Оштун аймагында 7 тонна 235 кг кара куурай өрттөлдү

Turmush -  Ош облусунун 2 районунда 1 тонна 241 кг кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 16-август күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы курөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен биргеликте Тоготай, Жийде айыл өкмөттөрүндө өскөн жапайы кара куурайды жок кылышты. Рейддин жүрүшүндө Тоготай айылындагы 52 сотых, ал эми Жийде айылындагы 80 сотых жерде өскөн жапайы кара куурай орулуп, өрттөлдү. Алардын жалпы салмагы 805 килограммды түздү.

Ушундай эле иш-чара 15-август күнү Ноокат районунун Кара-Турпак кварталында жана Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылында өткөн. Анын жүрүшүндө 430 кг жапайы кара куурай жок кылынган. Ал эми 13-июнь күнү Зулпуев айыл өкмөтүнүн Ата-Мерек айылында 14 гектар жердеги 6 тонна жапайы кара куурай өрттөлүп жок кылынган (жалпы 7 тонна 235 кг).

Рейддин максаты — жапайы кара куурайды жетилгенге чейин аныктап, жок кылуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×