Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.08.2019 09:06

Кара-Суудагы каналдан эркек кишинин денеси табылды

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Мачак айылындагы каналдан эркек кишинин денеси табылган. Анын өздүгүн аныктоо үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгы коомчулуктан жардам сурайт.

Маалыматка караганда, маркумдун денеси 6-август күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Мачак айылы аркылуу өткөн каналдын жээгиндеги талдын түбүнөн табылган. Болжол менен 30-35 жашта.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, бети тоголок, чачы жок, азиат түспөлүндө.

Кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор 102, (3232) 5-31-81, (03222) 5-81-28, 0777 11-63-93, 0550 05-9903 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×