Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуНоокат району 27.08.2019 10:41

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө аткарылган иштер: Үйгө муктаж тургундарга жер берилип, курулуштар жүрүүдө. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө жыл башынан бери бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Таза суу, жер, мектеп, бала бакча маселелери чечилип, айыл өкмөт өнүгүү жолунда. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Он-Эки-Бел айыл өкмөтү 1996-жылы түзүлүп, анын курамына 2 айыл: Нарай жана Өрнөк кирген. Айыл өкмөттө 7 миң 301 киши же 1 миң 292 түтүн жашайт. Жалпы аянты — 5 миң 918 гектар, райондун борборунан (Ноокат шаары) 30 км алыста жайгашкан.

Д.Маматалиевдин айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында айыл өкмөттө Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун колдоосу менен бир катар иштер аткарылган.

68965240_753838081765728_8400578082443886592_n

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүн 5 жылдан бери жетектеп келе жаткан Кутманбек Турсункулов

Айыл өкмөттүн инфраструктурасы

Республикалык бюджеттин эсебинен айыл өкмөттөгү Өрнөк конушунун Өрнөк орто мектебинин курулушуна 49 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Мектептин ички жасалгаларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 210 миң сом каралган.

Республикалык бюджеттин эсебинен Нарай айылынын борбордук көчөсүнүн 2 миң 500 метр жерине асфальт төшөлдү. Асфальттоого 18 млн 800 миң сом каражат сарпталып, жол пайдаланууга берилди.

Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 329 миң 600 сом бөлүнүп, Нарай айылындагы Нарай орто мектебинин ашканасы курулуп, жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүү алдында турат.

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине АРИС (Кыргызстандагы уюмдарды өнүктүрүү жана колдоо агенттиги) тарабынан 1 млн 496 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 364 миң сом бөлүнүп, «МТЗ 82-1 Беларус» трактору чөп таңгактагычы менен кошо алынды.

Айыл өкмөттүн имаратынын айланасына темир тосмолор орнотулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөн.

Демөөрчүлөрдүн салымы

Нарай айылынын тургуну, жеке ишкер Жылдыз Мыйзамов тарабынан айыл өкмөттө 2 кабаттуу эс алуу борбору курулууда.

Он-Эки-Мойнок конушунун тургуну, жеке ишкер Салкынай Жороева тарабынан азык-түлүктөрдү дүң сатуучу соода борбору курулду.

Он-Эки-Мойнок конушунун тургуну, жеке ишкер Исламидин Тагаев тарабынан чайкана курулууда.

Жеке ишкер Амир Сүйүнбаев тарабынан айыл өкмөттө таш майдалоочу ишкана ачылып, 11 адам жумуш менен камсыз болду.

Айыл өкмөт тарабынан Өрнөк айылында 20 сотых жер бөлүнүп берилип, ал жерге Өрнөк айылынын жаштарынын демөөрчүлүгү менен спорт комплекстин долбоору даярдалды. Учурда кичи спорт аянтчасынын пайдубалы тургузулуп, курулуш иштери уланууда.

Жер маселеси

Көп жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келе жаткан турак-жайга муктаж үй-бүлөлөргө кайрак жана айдоо жерден 25 гектар жер трансформацияланып, айыл өкмөттөгү турак жайга муктаж 283 үй-бүлөгө үй куруу үчүн бөлүнүп берилди.

Таза суу

Айыл өкмөттө тургундардын 70 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Айыл өкмөттүн балансына 3 скважина өткөрүлүп алынып, алардын оңдоп-түзөө иштерин «Нарай суусу» суу керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмеси жүргүздү. Нарай айылынын 1 миң 100 метр жерине суу түтүктөрү орнотулуп, жаңы конуштарга таза сууну жеткирүү максатында 1 миң 200 метр жерге суу түтүктөрү тартылган. Учурда кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн айыл өкмөттөгү таза суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×