Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 27.08.2019 18:12

Түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан адам кичи автобуста акча уурдады

Turmush -  Ош шаарында кичи автобустагы жүргүнчүнүн акчасын уурдаган адам изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Бүгүн, 27-август күнү Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун кызматкерлери чөнтөкчүлөргө, ууруларга каршы рейд өткөрүштү. Анын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1967-жылы туулган тургуну №157 кичи автобустан акчасын уурдатып, милиционерлерге кайрылган. Кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун кызматкерлери шектүү катары Э.Б. аттуу жаранды кармашты. Анын жанынан милиция кызматкерлерине кайрылган кишинин 5 миң 700 сом акчасы табылган.

Кармалган адам Ош шаарындагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан. Кылмыш иш Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

ууру

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×