Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуАлай району 28.08.2019 10:05

Жошолу айыл өкмөтүндө бюджеттен бөлүнгөн каражаттар кайда жумшалууда?

Turmush -  Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан, Ленин-Жол, Миязы, Осоавиахим айылдарында бала бакча, спорт комплекс, футбол аянтчасы жана эмкана курулуп жатат. Бул тууралуу Жошолу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Айнур Абдиева билдирди.

Анын айтымында, сарпталган каражаттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан берилген.

«Осоавиахим айылында 90 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Ага республикалык бюджеттен 33 млн 500 миң сом бөлүндү. Буга чейин ал айылда бала бакча болгон эмес. Учурда Ленин-Жолу айылында спорт комплекс курулуп жатат. Ага республикалык бюджеттен 18 млн 400 миң сом каралган. Андан сырткары Миязды айылында кичи футбол аянтчасы курулуп жатат. Ал да республикалык бюджеттен каржыланып, 1 млн 655 миң сом бөлүнгөн», - деди Айнур Абдиева.

Ал дөмөөрчүлөр тарабынан да бир топ курулуш иштери каржыланганын кошумчалады.

«Аюу-Тапан айылындагы Үсөн-Кыштоо тилкесинде эмкананын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Андан сырткары Коммунизм айылындагы жаңы эмкананын чатыры жабылып жатат, курулуш иштеринин 70 пайызы аяктап калды. Ага демөөрчүлөр тарабынан 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Мектеп жана бала бакчаларга видеокамералар орнотулду», - деди жооптуу катчы.

Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 245 миң сомго 5 мектеп жана бир бала бакча интернет менен камсыздалган. Ошондой эле 189 миң сомго Камал Турганбаев жана Шамшы Ташиев атындагы орто мектептер жана Жошолу айыл өкмөтүнүн имаратына видеокамералар орнотулду. Коммунизм айылынын Үңкүр-Башы деген участкасында 347 миң сомго жер астынан суу чыгарылып, мал жандыктар суу ичүүчү жай курулду.

Жошолу айыл өкмөтүнүн курамында 7 айыл бар. 2019-жылдын 25-январына карата калкынын саны 7 миң 357 адамды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×