Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуНоокат району 28.08.2019 15:25 На русском

Өзгөчө ысымдар: Кара-кулжалык Усама бен Ладен менен Турсунбай Бакир уулун эмне байланыштырат?

Turmush -  Кара-Кулжа районунда Усама бен Ладен аттуу өспүрүм жашаса, Ноокат районунда 27 жаштагы Саддам Хусейн жашайт. Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында Малазиябек жана Сингапур деген ага-ини бар. Ош облусунун өзгөчө ысымга ээ болгон тургундары менен аймактык кабарчы таанышты.

Усама бен Ладен — эл аралык «Аль-Каида» террористтик уюмунун негиздөөчүсү. Америка Кошмо Штаттарына согуш жарыялап, дүйнө жүзүндө бир нече жардылууларды жасаган. Алардын ичинен 2001-жылы Нью-Йоркто жайгашкан «эгиз» мунарага, тактап айтканда Бүткүл дүйнөлүк соода борборуна жүргүнчүлөрдү ташуучу 2 учак менен чабуул жасаганын жар салган. АКШ тарабынан издөөгө алынган №1 террорчу катары таанымал. 2011-жылы 2-майда АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама Пакистанда америкалык атайын багыттагы аскерлер тарабынан Усама бен Ладендин жок кылынганын жарыялаган.

15 жаштагы Усама Бен Ладен Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Атасы Айтмерек Шамилов уулу дүйнөгө жакшы тарабы менен таанылсын деп ушул ысымды тандаганын билдирди.

«Эки уулум бар. Усаманын ысымына “эмнеге террористтин атын койдуң?” деп көбү таң калат. Балама бул ысымды дүйнөгө жакшы жагы менен таанылсын деген максатта ыйгаргам. Усама төрөлгөндө атынан улам туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербей коюшуп, гезиттердин бирине чыкканбыз. Ошол гезиттен Турсунбай Бакир уулу (Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы жана ЖКнын II, V чакырылышынын депутаты) окуп калып, бизге күбөлүк алганга жардам берген. Уулум ысымын өзгөрткөн эмес. Кээ бирөө Бен, кээ бирөө Усама деп чакырышат», - дейт Айтмерек Шамилов.

Саддам Хусейн — Ирак мамлекетинин мурдагы президенти, диктатор (1979-2003-жж). Маршал аскердик чинине ээ. Иран (1980-1988-жж) жана Кувейт (1990-1991-жж) өлкөлөрүнө согуш жарыялаган. 2003-жылы апрель айында АКШ жана эл аралык коалиция (С.Хусейндин бийлигине каршы Ирак мамлекетине кол салууга макул болгон өлкөлөрдүн уюуму) Иракка кол салып, Саддам Хусейнди бийликтен түшүрүшкөн. С.Хусейн америкалык аскерлер тарабынан колго түшүрүлүп, 2006-жылдын 30-декабрында Ирактын Жогорку соту тарабынан өлүм жазасына тартылган.

Ал эми Ноокат районунун Төөлөс айылынын 27 жаштагы тургуну Саддам Хусейндин чоң аталары аскер кызматкерлери болгон. Анын атасы Жаныбек Абдазов уулунун ысымын сыналгы көрүп жатып тандашканын билдирди.

«Балам төрөлөйүн деп калганда үйдө сыналгы көрүп отурганбыз. Ирактын мурдагы башкаруучусу Саддам Хусейндин өмүр баяны тууралуу даректүү тасма көрсөтүлө баштады. Үй-бүлөбүз менен ошол падышанын ысымын коелу деген чечимге келип, молдолордон сурасак, алар ыйгарсаңар болот дешти. Азыр уулум атын өзгөртүүнү деле каалабайт», - дейт Жаныбек Абдазов.

Ошондой эле Төөлөс айылында Саитали уулу Малазиябек менен Сингапур деген ага-ини жашайт. Алардын ысымын чоң атасы койгон. Ага-инилер учурда 26 жана 24 жашта.

«Чоң атам Кадыр Осмонов Салиева колхозунун жетекчиси болгон. Кийин дагы жогорку кызматтарда иштеп, чет өлкөлөргө көп чыгыптыр. Ал Малайзия жана Сингапур мамлекеттерине суктанып, ушул ысымдарды тандаптыр. Атымды өзгөртүү тууралуу оюма келген эмес. Досторум Майсал дешет, көбү Малазия деп кайрылышат. Малайзияга барсам деген ниетим бар. Инимдин аты Сингапур, анын атын да чоң атам койгон», - дейт Малазиябек.

Ал эми Абийир Кошмаматов 8 жашта. Анын атасы Улукбек Сейдалиев уулуна жетинчи атасынын ысымын ыйгарган.

«Жетинчи атабыз Абийир деген киши болгон. Уулубуз абийири таза, чынчыл, акыйкаттуу адам болсун деп ушул ысымды ыйгарганбыз», - дейт атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×