Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 28.08.2019 15:54

Кара-Кулжада фермерлер тоют даярдоону үйрөнүштү (сүрөт)

Turmush -  23-август күнү Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Тоготой айылында үй шартында силос жана сенаж (тоют) даярдоо боюнча талаа күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн тургундары жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун фермерлери катышты. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Шайырбек Рахманберди уулу талаа күнү «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлгөнүн билдирди.

«Айыл өкмөттө 8 миң 421 адам жашайт. 1 миң 668 түтүн бар. Жергиликтүү тургундар атайын окутуудан өтүп, алган билиминин негизинде жер-жемиштерди өстүрүү, сугаруу, ошондой эле жашылча-жемиштерди үй шартында коопсуз консервалоону үйрөнүштү», - деди Ш.Рахманберди уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×