Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуАлай району 28.08.2019 16:40

Алайда Жанибек Таабалдиев «Ардактуу ардагер» төш белгиси менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Жанибек Таабалдиев (Бүлөлү совхозунда жана соода тармагында эмгектенген) «Ардактуу ардагер» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 28-август күнү Алай райондук ардагерлер кеңеши 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына карата атайын отурум өткөрүштү. Жыйында райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов жер-жерлерден келген айрым ардагерлерге сыйлыктарды тапшырды. Тактап айтканда Жанибек Табалдиевге республикалык ардагерлер кеңешинин «Ардактуу ардагер» төш белгиси, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Раимбек Абдуллаевге (ички иштер органдарында эмгектенген) мактоо баракчасы ыйгарылды.

«Алайдын ардагерлери ар дайым айтылып жаткан тапшырмаларга көңүл буруп, райондун ар тараптан өнүгүшүнө салым кошо беребиз», - деди Жаркынбай ажы Момунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×