Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.08.2019 12:30 На русском

Кара-Сууда унаа сүзүп кеткен жөө жүргүнчү ооруканадан өзүнө келбей каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда унаа сүзүп кеткен 35 жаштагы адам ооруканада каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 28-август күнү кечки саат 21:00 чамасында Кара-Суу—Өзгөн унаа жолунда, тактап айтканда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Кең-Сай айылында жол кырсыгы катталган. Ноокат районунун 1988-жылы туулган тургуну Д.З. өзүнүн «Дэу Нубира» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Өзгөн районунан Кара-Суу шаарын көздөй бара жатканда жолдон өтүп бара жаткан Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган тургунун (К.Т.) сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, бирок ал жактан эс-учуна келбей каза болгон.

Учурда аталган жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×