Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуАлай району 29.08.2019 20:00

Алайда алгачкы жолу кондитердик цех ачылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Алай районунда кондитердик азык-түлүктөрдү чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Цехтин ачылыш аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар катышкан. Алар ишкананын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.

Эгемендүүлүк майрамын утурлай ачылган бул цехте торттордун түрлөрү, ар кандай таттуулар жасалат. Цехте кондитер Гүлүмкан Маматова баштаган 8ден ашык адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду.

Жакынкы күндөрү цехте балмуздак жана коктейль жасап чыгаруу пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×