Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2019 11:52

Сүрөт — Ошто Таластан келген делегацияны салтанаттуу тосуп алышты

Turmush -  Ош шаарына Таластан делегация келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 29-августта Талас шаарынан 30 адамдан турган делегацияны Ош шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу тосуп алышкан. Мэриянын маалыматына караганда, мындай иш-чара шаарда алгачкы жолу уюштурулуп жатат.

Бүгүн, 30-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов делегация менен жолугуп, түндүк-түштүк болуп бөлүнүү маселеси жоюлушу керектигин билдирди.

«Ош шаарына Таластан коноктор келсе, биздин делегаттар да Талас шаарына кетишти. Ош облусу Ысык-Көлдөн конок тосуп, өздөрү да делегат жөнөтүштү. Баткен облусунун делегациясы Чүйгө кетишти. Өтө жакшы иш болуп жатат», - деди мэр.

Таластан келген делегация 3 күн Ош шаарынын кооз жерлери менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×