Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 31.08.2019 11:39

Эгемендүүлүккө 28 жыл: Ошто 141 жыл мурда түптөлгөн сейил бак оңдолуп, пайдаланууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк майрамына карата Ош шаарында толугу менен оңдолгон Токтогул Сатылганов атындагы сейил бак ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовдун айтымында, сейил бакты кайрадан оңдоп-түздөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 32,5 млн сом сарпталды.

«Бул сейил бак шаар тургундары, коноктор үчүн пайдаланууга берилди. Аны реконструкциялоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 32,5 млн сом сарпталды. Андан сырткары демөөрчүлөрдүн жардамы менен бир топ иштер аткарылды. Курулуш иштери 2 жыл ичинде толук аяктады», - деди Пирматов.

Сейил бактын ачылыш аземине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев жана мэриянын жетекчилиги катышты.

Учурда Ош шаарында майрам концерттик программалар менен уланууда. Жаш балдар үчүн Ош шаардык спорт комитети тарабынан оюн-зооктор уюштурулду. Майрамдык концерт кечки саат 19:00дө Ош шаардык А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо башталат.

Токтогул атындагы маданий жана эс алуу паркы алгач 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары түзүлгөн. 1918-жылы бул бакка кызыл аскер В.Голубевдин сөөгү коюлган. Ошол эле жылы комсомолдордун демилгеси менен сейил бак шаардык маданий эс алуу багына айландырылган. 1934-жылы Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылган болчу. 1968-1969-жылдары бактын негизги дарбазасы реконструкцияланып, Токтогул Сатылгановго эстелик тургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×