Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2019 10:12

Оштогу каналдан 8 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Turmush -  Ош шаарындагы каналдан 8 жаштагы баланын жансыз денеси табылды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-август күнү Ак-Буура-Араван каналына 2011-жылы туулган К.А. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

1-сентябрь күнү издөө ишин улантуу үчүн 10 куткаруучу тартылып, саат 07:20да маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×