Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2019 17:16

Ошто милиция кызматкерлери күн сайын эртең менен окуучуларды жолдон өткөрүп турушат

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жаӊы окуу жылы башталганына карата шаардагы мектептердин айланасында коопсуздук жана жол эрежесинин сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ош шаарындагы милиция кызматкерлери мектептеги расмий иш-чаралар аяктап, окуучулар үйлөрүнө барганга чейин кызматта болушат. Ал эми Ош шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери башталгыч класстардын окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабактарды өтүштү.

Ош ШИИБдин башчысы Мурат Бороновдун буйругуна ылайык, эми жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор күн сайын эртең менен мектептерден кабар алып турушат. Ал эми чоӊ көчөлөрдүн боюнда жайгашкан мектептердин алдында жол тескөөчүлөрү окуучулардын жолдон өтүшүн көзөмөлдөшөт.

Ош шаарында жол тескөөчүлөр жалпы 74 жеке жана мамлекеттик мектептерде кызмат өтөшөт.

Мэриянын маалыматына караганда, Ош шаарында жалпы 72 миң окуучу бар. Алардын 7 миңи быйыл алгачкы жолу мектеп босогосун аташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×