Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.09.2019 20:00 На русском

Кара-Сууда 158 млн сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган 720 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Сарай айыл өкмөтүнүн Ак-Өргө айылында 720 орундуу 3 кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди. Анын салтанаттуу ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Турганбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин курулушуна Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинен 158 млн сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×