Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2019 22:00

«Ынтымак кербени»: Ош шаары таластыктарды ооруканасы менен таң калтырды

Turmush -  30-август күнү Ош шаарына Талас облусунан келген делегация мэр Таалайбек Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

32 адамдан турган делегация «Ынтымак кербени» аталышындагы мамлекеттик иш-чаранын алкагында Ош облусуна келген. Делегацияны жетектеген Байышбек Дүйшөбаев өз сөзүндө Ош шаары тездик менен өнүгүп жатканына токтолду.

«Ош шаарына делегация барат дегенде, барабыз аябай көп болду. Аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, район башчыларынын орун басары сыяктуу өкүлдөр келишти. 29-августта түндө ыр-күү менен жылуу тосуп алышты. 30-августта мэр менен жолугушуп, бири-бирибизге белектерди тапшырдык. Андан соң Ак-Тилек кичи районундагы оорукана менен тааныштык. Андагы түзүлгөн шарттарды көрүп, эми ушул ооруканага келишибиз керек экен деп калдык. Делегациянын Ош шаарын 40 жыл мурда көргөн мүчөсү бар. Ал аябай таң калып жүрөт», - дейт Байышбек Дүйшөбаев.

Андан соң делегация Жапалак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын бирине жана Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейине барышты. Андан соң Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышты.

Буга чейин Turmush басылмасы Талас шаарынан 30 адамдан турган делегацияны Ош шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу тосуп алышканын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×