Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2019 19:18

Майрамдагы трагедия: Давудбек менен Абдуллох Билим күнүн көрбөй калышты

Turmush -  Ош-Араван каналына 8 жаштагы эки бала агып каза болду. Бул кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

31-августта саат 12:00 чамасында Ош шаарында жашаган Абдуллох менен Давудбек үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Давудбектин жансыз денеси ошол эле күнү саат 13:30 чамасында өзү жашаган үйдөн 1 чакырым төмөн жактан — Ош-Араван каналынан табылган.

Маркумдун сөөгүн каналда балык уулап отурушкан адамдар көрүп калышкан. Ал эми анын аталаш тууганы Абдуллохдун жансыз денеси кечээ, 1-сентябрда аталган каналдын 100-150 метр төмөн жагынан табылды.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кошумча иликтөөлөр жүрүп жатат. Балдардын денесин сыртынан караганда жаракаттар табылган эмес, экөө теӊ кийимчен болушкан. Тергөөнүн негизги божомолуна караганда, жаш балдардын бири сууга түшүп кетип, экинчиси аны куткарууга аракет жасап жатканда кошо агып кетиши мүмкүн. Азырынча аларды көргөн күбөлөр жок.

Маркумдар бир туугандардын балдары. Абдуллох ата-энеси Россияга эмгектенүүгө кеткендиктен агасынын үйүндө жашап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×