Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 03.09.2019 10:58 На русском

Кара-Сууда 2 унаа кагышып, 5 адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, 5 адам ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Окуя 31-август күнү саат 23:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 648-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон. Баткен облусунун Кадамжай районунун 1993-жылы туулган тургуну Т.Ч. өзүнүн «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарын көздөй бара жатканда унаанын рулун башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган тургуну Т.М. башкарып бара жаткан «Хендай Портер» унаасы менен кагышкан.

Кырсыктан «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу жана унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр: Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну С.У., 2008-жылы туулган А.А. жабыркаган. Ошондой эле «Фольксваген» унаасынын айдоочусу, анын жүргүнчүсү — Чүй облусунун Сокулук районунун 1993-жылы туулган тургуну М.Н. ар кандай жаракаттарды алып, Ош облустук ооруканасына кайрылышкан.

Аталган жол кырсыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тийиштүү экспертизаларды дайындап, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×