Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 03.09.2019 11:23 На русском

Москвада иштеп жүргөн 20 жаштагы Ариет жумушуна кеткен бойдон дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Москва шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык Ариет Абдыкадыров жумушуна кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу анын бир тууган иниси Арлен Абдуллажан уулу билдирди.

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын 20 жаштагы тургуну Ариет Абдыкадыров Россиянын Москва шаарында эмгектенип жүргөн. Ал 25-август күнү эртең менен болжол менен саат 09:00 чамасында жумушуна кеткен бойдон кайткан эмес.

Арлен Абдуллажан уулунун айтымында, агасынын чөнтөк телефону 25-август күнү кечки саат 17:08ге чейин иштеп, андан кийин аны менен байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Ариетти көргөн-билгендер болсо +79055205875, +79774154197 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×