Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2019 20:00

Ош облусунда 27 миң 181 окуучу мектеп босогосун аттады

Turmush -  Ош облусунда унаа жолдун боюндагы мектептердин жанында жол тескөөчүлөр иш алып барат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 2-сентябрь күнү Ош ОИИБдин өздүк курамы облустун аймагындагы мектептерге бөлүнүп, коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алышты. Ош ОИИБдин маалыматына караганда, бул жылы облустагы 533 орто мектепке 1-класска 27 миң 181 окуучу барды. Ошондой эле 11-класста окугандардын саны 9 миң 665 окуучуну түздү.

«Жаңы окуу жылынын башталганына карата унаа жолдун боюнда жайгашкан мектептердин жанында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышса, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор окуучулардын мектепке баруусун жана алардын жүрүм-түрүмүн көзөмөлгө алышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×