Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 04.09.2019 12:01

Москвада дайынсыз жоголду делген 20 жаштагы Ариет үйүнө келди

Turmush -  Москвада дайынсыз жоголду делген 20 жаштагы Ариет Абдыкадыров 9 күндөн кийин үйүнө өзү келди. Бул тууралуу анын бир тууган иниси Абдуллажан уулу Арлен билдирди.

Turmush басылмасы кечээ, 3-сентябрь күнү Россиянын Москва шаарында иштеп жүргөн Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын 20 жаштагы тургуну Ариет Абдыкадыров 25-август күнү жумушуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун жазган.

Анын бир тууган иниси Арлен агасынын чөнтөк телефону 25-август күнү кечки саат 17:08ге чейин иштеп, андан кийин аны менен байланышууга мүмкүн болбой калганын айткан.

Маалыматка караганда, Ариет утурумдук (убактылуу) жумушта иштегендиктен шаардын четиндеги айылдарда иштеп жүргөн. Чөнтөк телефонун жоготуп алгандыктан үй-бүлөсү, жакындары менен байланыша албай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×