Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуНоокат району 05.09.2019 13:09 На русском

Кыргыз-Атадагы жетишкендиктер: Айыл өкмөттүн бюджетин көбөйтө турган долбоор даярдалууда. Сүрөт

Turmush -  2019-жыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланды. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтү бул тармакта бир топ ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн курамына кирген 7 айыл тең таза суу менен камсыз болуп, ички көчөлөргө асфальт төшөлүп жатат. Айыл өкмөт башчы Бакытбек Марипов менен аймактык кабарчы маектешти.

- Сиз Ноокат районундагы тоолуу айыл өкмөттү башкарып келесиз. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында айыл өкмөттө кандай иштер аткарылып жатат?

- Сурооңуз абдан жөндүү берилди. Негизи Ноокат районунда былтыр жана быйыл бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Мисалы, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджети аз болгону менен чет өлкөлүк уюмдар менен иштешип, бюджеттин күчү жете турган иштерден 5-6 эсе көп жумуш аткардык. Айыл өкмөттүн курамында 7 айыл бар болсо, алардын баарына жогорку ылдамдыктагы интернет кабелдери тартылды. Айылдардын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, бала бакчалар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, айылдардагы бардык орто мектептердин башталгыч класстарынын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушту.

- Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрүнүн канча чакырымына асфальт төшөлдү?

- Айыл өкмөтүбүздөгү Көтөрмө, Ак-Булак, Кыргыз-Ата айылдарында 4 км жолго асфальт төшөлдү. Ага жалпы 20 млн сом акча сарпталды. Анын 19 млн сомун АРИСтин (Кыргызстандагы уюмдарды өнүктүрүү жана каржылоо агенттиги) бюджетинен, 1 млн сому айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн. Ошондой эле айыл өкмөттүн бюджетинен 2 млн сомго айыл өкмөтүбүздөгү асфальт төшөлө элек ички жолдордун баарына шагыл төгүлүп, электр мамыларын орноттук.

- Айылдарды санариптештирүү жаатында кандай иштер аткарылды?

- Айыл өкмөтүбүздөгү Кыргыз-Ата, Көтөрмө, Кара-Кой, Ак-Булак, Борго айылдарына жогорку ылдамдыктагы интернет кабелдери тартылды. Бүгүнкү күндө айыл эли интернет колдонуп, көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп калышты.

- Буга чейин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Ата дарыясына кичи ГЭСтер курулганы жөнүндө айтылды эле.

- Туура айтасыз. Буга чейин Кыргыз-Ата дарыясына кубаттуулугу 300 квт болгон 3 кичи ГЭС курулган. Азыркы күндө кубаттуулугу 1000 квт тете кичи генератор курулууда.

- Аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлөбү?

- Башка аймактарда кандай экенин билбейм, бирок биз медицина тармагына да көңүл буруп келебиз. Былтыр айыл өкмөтүбүздөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 тез жардам унаасын алып бергенбиз. Быйыл да ошондой эле башка борборго 1 тез жардам унаасын алып бердик. Албетте, бул тармак ар дайым көзөмөлүбүздө турат. «Дени сак улут, күчтүү мамлекет» деп айтылат. Ушул тармакка көңүл кош карабай, колубуздан келген жардамды берүүдөбүз.

- Айыл өкмөттөрдүн бюджети аз болгондуктан көбүнчө долбоор жазып, уюмдар менен иштешет. Уюмдар менен кызматташуу кандай жүрүп жатат?

- Бул тармакты да унуткан жокпуз. Биздин ишибиздин көпчүлүгү уюмдар аркылуу, алардын каржылык колдоосу менен ишке ашат. Мисалы, биз АРИС уюму менен тыгыз иштешебиз. Уюмдун жардамы менен көп жумуштарды бүтүрдүк. Быйыл аталган уюм менен биргеликте 1 экскаватор-бульдозер, 1 «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, чөп таңгактай турган, буудай себе турган техникаларды, 4 боз үй алдык. Булардын баарына 6,5 млн сом жумшалды. Алардын ичинен 1 млн 400 миң сому айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүндү.

- Социалдык маселелер, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр кантип чечилип жатат?

- Айыл өкмөтүбүздөгү 7 мектептин окуучулары ысык тамак ичип калышты. Бул иште айыл өкмөттүн жана «Мерсико» уюмунун салымы чоң. Долбоорго айыл өкмөттүн бюджетинен 500 миң сом бөлүнгөн. Ал эми «Мерсико» уюму азык-түлүктөрдү алып бермей болгон. Ошондой эле Борго айылындагы К.Каримов мектебинде арка орнотулуп, тротуар курулду. Ошол эле айылдагы лицей 3 млн сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ага айыл өкмөттүн бюджетинен 300 миң сом бөлүнгөн. «Нур» бала бакчасы да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ага да айыл өкмөттүн бюджетинен 300 миң сом жумшалган. Андан тышкары 3 млн сом Ак-Булак айылындагы «Кызгалдак» балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жумшалды. Анын ичинен 600 миң сому айыл өкмөттөн бөлүнгөн. Ошондой эле Кыргыз-Ата айылына 2 кабаттуу «Жылдызча-Нур» бала бакчасы курулду. Анын курулушуна 10 млн сом жумшалды. 50 млн сомго 225 окуучуга ылайыкталган А.Парпиев атындагы лицей курулду.

- Кыргыз эзелтен мал киндиктүү калк эмеспи. Мал чарбасында кандай өзгөрүүлөр бар?

- Чындыгында айыл өкмөттө мал чарбасы бир аз өнүктү. Айрымдары чет өлкөдөн асыл тукум малдарды алып келип, жергиликтүү малдар менен аргындаштырып, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүп жатышат. Жайыт комитеттери менен иштешип жатабыз. Жакында эле жайыт комитети менен биргеликте Кара-Кой айылында 465 миң сомго койлорду дарылоочу жай курдук. Ошондой эле Кара-Таш айылында сибирь ылаңы жана башка оорулар менен ооруган малдарды көмүүчү чуңкур курдук. Андан сырткары койлордун жана эчкилердин жүнүн кыркуучу көчмө аппараттан төртөөнү алдык.

- Инвестиция тартууда кандай кадамдар жасалып жатат?

- Айыл өкмөт көпчүлүк иштерди инвестициянын эсебинен жасады. Жакынкы жылдары ишке ашып кала турчу кубанычтуу кабар бар. Найман айылындагы 318 гектар жерди трансформация кылууга документтерди тиешелүү жерлерге жөнөттүк. Ал жерлерге завод, фабрика жана башка өндүрүш ишканалары курулат. Ушул долбоор ишке ашып калса, айыл өкмөттүн бюджети көбөйөт, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Жергиликтүү калктын социалдык абалы жакшырат. Калктын мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн иштеп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×