Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2019 17:37 На русском

Видео — Жолдун ортосуна жылаңач отуруп алган келин тааныбаган адамды уруп, өзүнүн колун кести

Turmush -  Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков көчөсүндө аялдаманы көздөй басып бара жаткан аялды белгисиз 2 адам (аял кишилер) башка чаап, качып кетишкен. Бул тууралуу окуяга жеринен күбө болгон аймактык кабарчы билдирди.

Атын атагысы келбеген жабырлануучу аял белгисиз 2 адам аны баштык (сумка) менен башына чабышканын айтты. Ал башына сумка тийгенде эс-учун жоготуп коё жаздаганын кошумчалады.

«Авиценна көчөсүндөгү үйдөн чыгып, аялдаманы көздөй басып бара жаткам. Башыма катуу бир нерсе тийди. Жыгач кулап кетти го деген ой келди. Эс-учумду жоготуп коё жаздадым. Аркамды карасам 2 аял качып баратыптыр. Мага башка аялдар келип жардамдашты. Качып бараткан 2 аялды кармап келе жатышканда мени башыма урган аял кийимдерин чечип, жолдун ортосуна жылаңач абалда отуруп алды. Азыр милицияга арыз жаздым», - деди жабырлануучу.

Тааныбаган аялды башка чапты деген аялдардын бири жылаңачтанып жолдун ортосунда отурган жеринен өзүнүн колун кесип жиберген. Окуяга күбө болгондор тез жардам кызматы менен милицияны чакырышкан. Алар колго түшкөн 2 аялды милициянын бөлүмүнө алып кетишкен. Милициянын мекемесине жеткирилген аялдарга суроо узатышканда алар мас абалда экени белгилүү болгон.

Ал эми жабырлануучу жакында эле Россияда иштеп келгенин айтып, аны урган аялдар мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылып, милицияга арыз жазды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип, кармалган эки аялды наркология борборунда текшертип жатышат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жылаңач абалда жолдун ортосуна отуруп алган келин психикалык ооруканада текшерилип жаткан жеринен качып кеткен.

«Кызды апасы психикалык оорунун белгилери байкалгандан кийин ооруканада текшертип жүргөн. Бирок келин качып кетип, бейтааныш кызды уруп жиберген», - деп айтылат маалыматта.

Аталган келин Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. Ал Өзгөн районуна келин болуп барган.

Учурда жабырлануучунун арызынын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×