Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2019 17:09

Ошто сыртта илинген төшөктү уурдап бара жаткан адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын төшөгүн уурдап бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Шаар тургундарынын айтымында, буга чейин И.Раззаков көчөсүндөгү №44, №45 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын сыртка илинген төшөктөрү жоголуп, уурулар кармалбай келген. Бүгүн, 5-сентябрда өзүн Чыныгүл деп тааныштырган жашоочу төшөк уурдап бара жаткан адамды көрүп, милицияга кайрылган.

«Көп жолу төшөктөрдү жоготуп, ким алганын билбей калчубуз. Бүгүн сыртка илинген төшөктү бир адам көтөрүп кетип бара жатыптыр. "Ташта" деп кыйкырганыма карабай алып кетип калды. Артынан барсам, кайра мени сөктү. Милицияга кайрылып, төшөгүмдү кайтарып алдым. Бул жерде көп адамдар төшөктөрүн жоготкон», - деди ал.

Төшөк уурдоого шектелген адамды Манас-Ата аймактык кеңешинин милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кармап, териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×