Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2019 18:13

Видео — Ошто эс алуу багында унаа менен «сейилдеген» айдоочу изделүүдө

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрга караган түнү саат 00:45 чамасында ак түстөгү «ДЭУ Матиз» автоунаасы менен «Токтогул» сейил багын аралап жүргөн айдоочуну эс алуучулардын бири видеого тартып алган.

Өзүн Ороз деп тааныштырган жергиликтүү тургундун айтымында, түндө 30-35 жаштагы 2 адам сейил бакта унаа айдап жүрүшкөн. Ороз унааны токтотконго аракет кылганда айдоочулар баш бербей, качып кетишкен.

Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын басма сөз катчысы Азамат Советбек уулунун айтымында, сейил бактын ичине унаа менен кирүүгө болбойт.

«Сейил бак Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып, пайдаланууга берилген. Сейил бакка Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын кызматтык унаалары менен гана кире алышат. Буга чейин бир жаш жигит "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаасы менен парктын тепкичтерин талкалаган. Анан келтирилген чыгымдардын баарын төлөп берген. Жаңы ачылган парктын ичиндеги бардык каражаттар жаңыланган. Ошентсе да жаштар жаңы отургучтарга ысымдарын жазып, сүрөт тартып, таштандыларды таштап кетип жатышканы өкүндүрүүдө», - деди ал.

Ош шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыковдун айтымында, эс алуучу жайларда жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жерде автоунаа башкарууга болбойт. Эрежеге баш ийбеген айдоочунун өздүгү такталып, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Учурда аталган окуя боюнча «ДЭУ Матиздин» айдоочусу изделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×