Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуНоокат району 06.09.2019 09:37 На русском

Кара-Таш айылында эми той-аштан баштык көтөрүп кетишпейт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылында энелердин демилгелүү тобу ысырапкерчиликти тыюу максатында 1 ай мурда аялдардын арасында чогулуш өткөрүшкөн. Алардын максаты ишке ашып баштаганын Гүлсүн Мусаева билдирди.

Анын айтымында, алар кыз-келиндерди чогултуп, той-аш, маараке, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы чыгымдарды, ысырапкерчиликти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.

«Той-аштарга себет, кийит алып барбай, акчасын эле алып баруу, өлүктү акыркы сапарга узатууда кийит алып барбай, 3 күн тамак ташуу (каза болгон адамдын үйүнө тамак-аш алып барышат, мал союлбайт) жөнүндө демилгелер көтөрүлгөн. Той болгон үйдөн баштык көтөрүп кетишпейт. Көзөмөлгө алуу үчүн ар уруудан бирден аял шайлап койдук, себеби бир уруунун адамы башка уруунун иштерине кийлигише албайт. Учурда айылдын Кош-Дөбө, Таштак аймактарында максатыбыз ишке ашып, аялдар өздөрү да кубанып жатышат. Тамак бышырганга, себет жасоо үчүн базарга барганга убактыбыз кетпейт экен дешти», - дейт Гүлсүн Мусаева.

Анын айтымында, демилгелүү топ ай сайын көзөмөлдөөчү аялдар менен жолугуп, талаптарга баш ийбей жаткандар боюнча маалымат алып, ал адамдар менен иштешет. Алар той өткөрө турган адамды кетирген чыгымды башка сооптуу ишке жумшоого чакыруу тууралуу ой жаралып жатканын да кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×