Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.09.2019 11:05 На русском

Кан жеткирип баратканын айткан дарыгер айым унаасы менен карама-каршы тилкеге чыккан. Видео

Turmush -  Ош шаарында унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, чыр чыгарган дарыгер айымга 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кечээ, 5-сентябрь күнү социалдык тармактарга ак түстөгү «Лексус» (мамлекеттик белгиси О8080АС) үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, чыр чыгарган видео тараган. Айдоочу Э.Ж. жол тескөөчүлөргө дарыгер экенин, шашылыш түрдө кан жеткирип бара жатканын билдирген.

Ош шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан дарыгер айымга карама-каршы тилкеге чыккандыгы үчүн протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×