Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.09.2019 15:22

Балбан Мирлан Эралиев Түштүк Кореядагы мелдештен алтын менен кайтты

Turmush -  Түштүк Кореянын Чхунджу шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк күжүрмөн искусство оюндарында Мирлан Эралиев казак күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу өзү билдирди.

Анын айтымында, 31-августтан 6-сентябрга чейин Түштүк Кореянын Чхунджу шаарында 100 мамлекеттен келген 4 миңден ашуун спортчулардын катышуусунда спорттун 30дан ашык түрү боюнча мелдеш болуп өткөн.

«Мен казак күрөшү боюнча мелдешке катышып, 70 кг салмакта күрөштүм. Биринчи мелдеште корей балбаны менен күрөшүп, аны уттум. Экинчи мелдеште түркмөн балбаны менен күрөшүп, аны жеңдим. Андан кийин өзбек балбанын, финалда казак балбанын жеңип, 1-орунду алып, алтын медалга ээ болдум», - деди Эралиев.

Спортчуну өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мурат Мараталиев, Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров күтүп алып, чепкен жаап, калпак кийгизди. Ошондой эле спортчу кичи түлө өткөрүп, элден бата алат.

Бул оюндар ар 4 жыл сайын өткөрүлөт. Ага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнүн спортчулары катышат.

Мирлан Эралиев Казак күрөшү федерациясынан сырткары «Гидробетонстрой» курулуш компаниясынын Талас облусундагы бюросун жетектейт. Компаниянын башкы штабы Ош шаарында жайгашкан. Компания курулуш тармагына керектелүүчү бетон, арматура, лотокторду чыгарат. Чыгарган продукцияларын Кыргызстандын бардык аймагына жана коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө сатат. Компаниянын башкы директору — Чыңгызбек Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×