Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуАлай району 09.09.2019 09:16 На русском

Алайда окуучулардын кафе-ресторандарда иштегени талкууланды

Turmush -  Алай районунда таштанды маселеси жана түнкүсүн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кафе-ресторандарда иштеп жүргөнү талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүндө өткөн жыйынга жергиликтүү тургундар, кафелер менен ресторандардын ээлери, мектеп директорлору, Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Жумагүл Садыкова, райондук жаштар комитетинин төрагасы Дамир Бакалбаев катышты. Жыйын учурунда Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Султанбек Каришов тургундар коомдук жайларда тазалыкты сактабай жатканына токтолду.

«Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы тазалыкты камсыздаган ишкана күнү-түнү иштеп жатат. Ошого карабай көчөнүн боюнда белгисиз адамдар тарабынан таштандылардын ташталып жатышы тынчсыздандырууда. Андыктан айрым коомдук жайларда, ресторан, кафелердин алдына видеокамераларды орнотуу, атайын комиссия түзүп, түнкү рейддерди уюштуруу зарылчылыгы жаралып жатат», - деди С.Каришов.

Аны менен катар мектеп окуучуларынын түндө кафе-ресторандарда иштеши — аларга терс таасир берип жатканы мисалдар менен айтылды. Балдарды оор жумуштарга тартуу менен сабакка болгон кызыгуусу төмөндөп, психикалык, физикалык жактан жабыркап жаткандыгы белгиленди.

Бул багытта тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×