Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.09.2019 12:00 На русском

Өзгөндө мурдагы акушерди небереси уктап жатканда өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

Маркум жашаган үй
Маркум жашаган үй

Turmush -  Өзгөн районунда акушер айым бычакталып, үйү өрттөлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-сентябрь күнү таңкы саат 05:20 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1948-жылы туулган Н.Ч. жашаган үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин жана Ош ОИИБдин ыкчам тергөө барып, Мырза-Аке айылынын тургуну Н.Ч. (аял киши) жашаган турак үйү жарым-жартылай өрттөнүп, кожойкенин көкүрөк тушуна, далысына тогуз жолу учтуу буюм менен сайылганы аныкталган. Н.Ч. окуя болгон жерден каза болгон. Ал үйүндө 13 жаштагы небереси менен жашап келген.

Окуя болгон түнү небереси түтүндөн улам ойгонуп, чоң апасынын жерде жатканын көргөндөн кийин кошуналарын чакырган. Маркум буга чейин акушер болуп эмгектенип, пенсияга чыккандан кийин сыныкчы (костоправ) болуп иштеп жүргөнү белгилүү болду. Үйүндө 200 миң сом акчасы болгон.

«Аталган факт Өзгөн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган жана Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кылмыштын бетин ачуу үчүн тажрыйбалуу кызматкерлердин ыкчам тергөө тобу иштеп жатат», - деп айтылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×