Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 09.09.2019 12:52 На русском

Оштогу бала бакчада ата-энелер чогулткан акчадан Россиядагы эже-сиңди айлык алабы? Сүрөт

Оштогу «Асан-Үсөн» бала бакчасы
Оштогу «Асан-Үсөн» бала бакчасы

Turmush -  28-августта Ош шаарындагы «Асан-Үсөн» мамлекеттик бала бакчасында ата-энелердин чогулушу өтүп, анын жүрүшүндө бир катар нааразычылыктар айтылган. Чогулушка шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ата-энелер жана бала бакчанын эмгек жамааты катышып, ата-энелер топтогон каражат боюнча маселелер көтөрүлгөн. Бул тууралуу ата-энелер аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн жылы ар бир балага айына 510 сомдон төлөнсө, быйыл бала бакчанын акысы 710 сомго жогорулаган. Бала бакчанын жетекчилиги баанын жогорулашы боюнча ата-энелер менен макулдашкан эмес.

«Бала бакчанын жетекчиси Аймен Туралиева бала бакчанын акысын өз билемдик менен 200 сомго жогорулатып, биз менен макулдашылбаган акчаны талап кылып жатат. Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда эки тайпадагы 100дөн ашуун баланы бир бөлмөгө киргизип коюшкан. Балдарды алып кетели десек директор уруксат бербей, “500 сом төлөп коюп алып кете бер, болбосо ордуна башка бирөөнү алабыз” деди», - дейт жыйында сүйлөгөн ата-энелердин бири.

Ал эми Таттыгүл Базиева оңдоп-түзөө иштеринин басымдуу бөлүгү тарбиячылардын иш бөлмөлөрүндө жүрүп, аларга жаңы шкаф, стол, отургучтар алынганын билдирди.

«Ата-энелер тарбиячыларга өздөрү отурган жерди оңдосун деп акча берген жок да. Андан көрө балдарга стол, отургуч, керебет алып, уктоочу бөлмөлөрдү оңдосо болмок. Анысы аз келгенсип ата-энелерди “өзүңөр келип, оңдоп-түзөө иштерине катышасыңар” деп чакырган. Усталарга эмгек акы бердим дейт, кош бойлуу тарбиячылар 40 градус ысыкка карабай имаратты актап, сырдап жүрүшкөн. Ошол учурда балдарыбыз боёктун жыты каптаган бөлмөлөрдө укташты. Күн ысыкта боёктун жытына мен да чыдай алган жокмун. Бизге катчынын да кереги жок, ага биз топтогон акчадан айлык берилип жатат. Директор ошондой кызматкер алса, анда эмгек акысын өз чөнтөгүнөн төлөй берсин», - дейт Т.Базиева.

Ал эми бала бакчанын жетекчиси Аймен Туралиева кызматка ушул жылдын 25-январында гана келгенин жана топтолгон каражаттардын отчётун берүүгө даяр экенин айтты.

«Буга чейин 510 сомдон чогултулган акчаны 710 сомго жогорулатканым чын. Себеби мага чейин иштеген жетекчи балдардын тамак-ашына деп 510 сомдон, андан сырткары тарбиячылардын кошумча айлыгы үчүн 100 сомдон жыйначу экен. Мындан сырткары ата-энелер даарат кагаз, самын жана башка гигиеналык каражаттарды алып беришчү. Мен ошолорду ата-энелер майдалап ташыбасын деп, бала бакчанын акысына дагы 200 сом коштуруп, жалпы 710 сом кылалы деп тарбиячылар менен макулдашып чечкенбиз. Ал эми ар бир балага чогултулган 140 сомду бала бакчанын ичин, сыртын оңдоого жумшадым. Алардын ичинен 60 сомду (ар бир баладан чогултулган) тарбиячыга, анын жардамчысына кошумча айлык катары беребиз. Ата-энелерден чогултулган акчага бир топ иштер аткарылды. Азыр түшүнбөстүк гана болуп жатат», - деди А.Туралиева.

Аталган бала бакчанын бир кызматкери мурда иштеп, учурда Россияда жүргөн 2 адамга дагы маяна бөлүнүп жатканын билдирди.

«Эже-сиңди бала бакчада медайым болуп иштечү. Алар директордун тушунда жумушка орношушкан. 3 айдай иштегенден кийин Россияга кетишкен, бирок айлык алып жатышат. Муну компьютерден да көрсө болот», - деди Фатима (аты өзгөртүлдү).

Ал тарбиячылардын иш сааттары кыскартылып, айлыктары төмөндөгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, бала бакчанын жетекчиси катчы алып, бала бакчанын кызматкерлеринин кыскартылган сааттарынын маянасы катчыга бөлүнүп баштаган.

«Директор башында 1 ай бул боюнча айткан жок. Биз айлыгыбыз аз го деп жүрдүк. Көрсө биздин айлыктарды кыскартып, катчыга маяна берип жатыптыр», - дейт Фатима.

Бирок бала бакчанын башчысы Аймен Туралиева анын айткандарын четке кагууда.

«Бала бакчада иштебеген адамдар айлык акы алышпайт. Бул калп. Жумуштан чыккан кызматкерлер арыз жазып кетишет. Мен келгенде балдардын кичинекейи деле, чоңу деле аралашып бир тайпада болушчу. Балдарды жашына карап тайпаларга бөлүп койсом, ата-энелер нааразы болушту. Балдар жашына карап билим алышы керек. Ошондой эле мен туш келген баланы чыгарып салган жокмун. 3 айдан 7 айга чейин бала бакчага келбеген балдар бар экен. Алардын ичинен 61 баланы чыгарып, ата-энесине кабарлаганбыз. Алардын ордуна кезекте турган 71 баланы алып баштадык. Нускамада да “эки айдан ашык келбеген балдарды чыгарууга болот” деп жазылган.

Ошондой эле буга чейин ата-энелер тамак-ашка делген акчаны тарбиячылардын колуна беришчү. Тарбиячылар балдардын келбеген күндөрүн дагы эсептеп, акчаны чөнтөктөрүнө салып жүрүшкөн. Мен жумушка жаңы келгенде шаардык билим берүү башкармалыгынан телефон чалышып, “ушуну көзөмөлдөп коюңуз” дешкен. Бул тууралуу тарбиячылар менен да сүйлөшкөм», - дейт А.Туралиева.

Жогоруда айтылган маселе боюнча ата-энелер мэрияга, шаардык билим берүү башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Калыя айымдын (аты өзгөртүлдү) айтымында, арызга 75 ата-эне кол койгон. Алар оңдоп-түзөө иштерине делген каражаттын коротулушу боюнча бала бакчанын жетекчисинен отчёт талап кылышкан. Калыя айым ата-энелердин ысымы жана байланыш номурлары жазылган арыз бала бакчанын директору А.Туралиеванын колуна түшүп калганын билдирди.

«Биз жазган арыз директордун колуна кантип түшүп калды? Биз эми кимге ишенип арызданышыбыз керек?», - дейт Калыя айым.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов №35 «Асан-Үсөн» бала бакчасындагы балдардын ата-энелеринен арыз түшкөнүн тастыктады.

«Арызда бир катар нааразычылык, даттануулар жазылган экен. Учурда аталган иш боюнча мэриянын жана башкармалыктын комиссиясы иш алып барууда. 2-3 күндүн ичинде иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыгат», - деди А.Авазов.

№35 «Асан-Үсөн» бала бакчасы 1968-жылы курулган. Бала бакчада учурда 487 бала тарбияланып, дагы 240 бала кезек күтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×