Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.09.2019 14:01

Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу досунун үйүнөн кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда 57 жаштагы адамды унаасы менен сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

6-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Өзгөн районунун Жоо-Алма участкасында, тактап айтканда Бишкек—Ош унаа жолунун 612-чакырымында жайгашкан май куюучу жайдын маңдайында Кара-Суу районунун Киров айылынын 1962-жылы туулган тургуну Т.И.ни белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Т.И. окуя болгон жерде каза болгон.

Кылмышка май куюучу жайда орнотулган видеокамерага түшүп калган видеонун негизинде кызыл түстөгү «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу шектелип жаткан. Аталган кырсык боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү издөө иштери жүргүзүлгөн. Унааны издөө үчүн жолдун боюндагы видеокамералар текшерилип, анын натыйжасында 9-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Өзгөн шаарынын 1993-жылы туулган тургуну О.Б. кармалган. Ал Өзгөн шаарынын четиндеги айылдардын биринде досунун үйүнөн табылды.

Кылмыштын бетин Өзгөн РИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери менен Өзгөн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери биргеликте ачып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

тико

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×