Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 10.09.2019 13:49 На русском

«Түркиядагы мелдешке даярданып жаткан»: К.Асановдун камакка алынган айдоочусу тууралуу. Видео

Turmush -  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы — 22 жаштагы Дамирбек Пайзилда уулу ак жеринен камакка алынганын анын туугандары бүгүн, 10-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, Дамирбек Пайзилда уулу Түркиянын Анталия шаарында өтүүчү мелдешке даярданып жаткан.

«Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзилда уулу биздин инибиз. Мен ишеничтүү, так айта алам, ал кылмышка барбайт. К.Асановдун айдоочусу болгонуна 3-4 гана ай болгон. Ал Анталия шаарында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка даярданып жүргөн. Өзү спорт жаатында көп ийгиликтерди багындырган. Боорукер, ак көңүл, ичинде кири жок бала. Биздин үнүбүз президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жетсе, аларга кайрылабыз», - деди Дамирбек Пайзилда уулунун эжеси Жумагүл Бекмуратова.

Дамирбек Пайзилда уулунун чоң атасы Убайдулла Бекмуратов да небересинин күнөөсү жок экенин билдирди. Ал Дамирдин ишин акыйкат карап берүүнү суранды.

Дамирбектин бир тууган агасы Памирбек Пайзилда уулу да инисинин ишин акыйкат тергөөнү талап кылды.

«Иним спорт жаатында көп ийгиликтерди жараткан. Ал кээде мага "Кыргызстан дегенде жүрөгүм "дүрт" этет" деп айтып калчу. Кыргызстанды дүйнөгө таанытам деп аракет кылып жүрчү. Эл аралык ареналарда Кыргызстандын байрагы көтөрүлгөндө башкача сезимдер болорун айтчу. Инимди камактан бошотууну суранабыз», - деди Памирбек Пайзылда уулу.

Дамирбектин дагы бир эжеси Гүласал Бекмуратова да укук коргоо органдарынан инисинин ишин адилеттүү тергөөнү суранды. Маалымат жыйынга Дамирбектин таежеси Канайым Турдубаева да катышты.

«Дамир мектепте жакшы окучу. Айылда баары жакшы көргөн, элдин сыймыгы болгон бала эле. Элдин баары суктанышчу. Дамирбек Пайзилда уулунун баш коргоо чарасын кайрадан карап берүүнү укук коргоо органдарынан өтүнөбүз», - деди ал.

Дамирбек Пайзилда уулу спорттун бокс түрү менен машыгат. Спорттун чебери, Кыргызстандын 3 жолку чемпиону (80 кг салмакка чейин) жана милициянын сержанты. 1997-жылы Кара-Сууда төрөлгөн.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы ИИМдин атайын багыттагы кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек камакка алынганын жазган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө Дамирбек 23-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×