Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.09.2019 16:02

«Анын эси ооп...»: Электрондук мешти күйгүзүп жылынган мышык үйдү өрттөп, Досалиева кышында көчөдө калган

Turmush -  Кара-бууралык 51 жаштагы Майрам айым курактын түрүн курайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрам Досалиева 1968-жылы Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Россиянын Челябинск шаарында соода-сатык техникумун бүтүп, ал жерде бир топ жыл эмгектенген. Учурда курак куроо менен алектенип келет. Ал кесиби башка болсо да жүрөгүнө курак куроо өнөрү жакын экенин билдирди.

«Учурда Аманбаев айылында турабыз. 25 жашымда турмушка чыгып, ошол күндөн бери курак курап келе жатам. Кесибим башка болсо дагы жүрөктөгү өнөрдүн касиети өзүнө тартып турат экен. Шык-талантым, кызыгуум ушул жакка бурулуп турат. Курак куроо абдан кыйын, түйшүктүү өнөр. Бирок чүпүрөктүн бөлүктөрүн кураштырып жатканда ишиме берилип, ага сиңип кеткендей болом (күлүп)», - деди ал.

Анын айтымында, буйрутмалар көп келет. Учурда үйүндө чакан тигүү цехин ачуу иштери дагы кызуу жүрүп жатканын билдирди.

«Негизинен буйрутмалар көп келет. Алардын баарын эргүүм менен жасап, ырахат алам. Буюрса үйгө чакан тигүү цехин куруп баштадык. Куруу иштери аягына чыкса, курактан башка дагы өнөрдү алып кетүүнү пландап жатам. Өзүм ыкчам иштегенди жактырам. Бир төшөктү бир саатта бүтөм. Атайын тигүүчүлүктү окуган эмесмин. Апамды көрүп үйрөнгөм. Учурда үйрөнгөн өнөрүм менен тыйын таап жатам. Жер төшөктөрдү 250 сомдон тигем. Ал эми кышкысын бош убактым көп болгондуктан көбүрөөк буйрутмаларды алам», - деди ал.

Майрам айым үйү өрттөнүп, кычыраган кышта түнөй турган жайы жок калганын эскерди. Бул өрт мышыгынын айынан чыккан.

«3 жыл мурун кыш мезгилинде үйүбүз толугу менен өрттөнүп кеткен. Ошондо гана буйрутма алуу токтоп калган. Азыр шүгүр, ишим кайрадан уланып жатат.

Үйдө мышык бакчубуз. Электрондук мешибиз бар эле. Аны мышыгыбыз өзү басып күйгүзүп коюп, жылынып отура берчү. Мен дагы жөн койчумун. Жаңы жылга үч күн калганда баягы плитаны өчүрүп, шкафтын астына коюп, бир жакка кетип калгам. Бирок токко сайылган бойдон калган. Баягы мышык адатынча плитанын күйгүзүүчү белгисин басып жылыныптыр. Шкаф күйүп, өрт алоолонуп кетиптир. Үйгө жетип эле эшикти ачып жибердик. Эч нерсе калбай, мышыктын ээси ооп жатыптыр. Ошентип кыштын күнү сыртта калганбыз (күлүп).

Коңшумдун үйүндө баш калкаладык. Көп узабай мышыкты алыс жакка таштап келгенбиз. Ошондон кийин мышык бакпайбыз. Кайрадан курак курап, жаңы жашоо баштап, эми ишимди улантып отурам», - деди куракчы айым.

Майрам айым курак менен байланышкан ырым-жырымдарды жакшы билет.

«Бул куракчылыкта дагы ырым бар. Илгери апаларыбыз куракка колдонгон кездемелерди топ-топко бөлүп, иргеп курашкан экен. Анткени байлардын тоюнда, кыз узатуу, тушоо кесүү тойлордо тойго келген айымдарга өңдөрдү ырымдап кездемелерди беришкен. Ал кездемелерден балдарга гана жаздык менен топуларды, чыптамаларды тигип беришкен. Себеби, балдарды ошондой байлыкка жетсин, тушоо кесип, кыз узатып, той берсин деп ырымдашкан. Кийин жакшылыктан түшкөн кездемеден жер төшөк, туш кийиз, жаздык жасашып, дайым төргө салып же төргө илип, үйдүн ичин жакшылык курчасын деген тилектерин айтышкан. Узак жашап өткөн кадыр-барктуу адамдардын жыртышынан төшөктөрдү ырымдап курап, төргө жыйган. Ал өзүнүн үй-бүлөсү үчүн гана салынган. Себеби үйүндөгүлөрдүн өмүрү узун болсун, кадырлуу карылыкка жетсин деген максатта бул ырым колдонулчу. Жаздык курактарды кураганда баш ыйык дешип, кездемени үч бурчтуу кылып кесип алышчу. Көбүнчө аны ачык өңдөгү кездемеден курашкан. Анткени үйгө келген коноктун көзү алгач ачык түстүү, кооз буюмдарга түшүп, балдарга көз тийбейт дешчү экен. Ушуга окшогон ырым-жырымдар бекеринен айтылган эмес. Мен дагы ошого ыктап калам.

Кызым дагы куракка жакын. Бирок азыр турмушта. Убагы келсе ал дагы курап калат деп ойлойм. Балам Москвада эмгектенүүдө», - деди ал.

Куракчы айым 1 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×