Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусуАраван району 11.09.2019 10:55 На русском

Араванда кыргыз-өзбек чек арасындагы жер тилкеде талаш жаралды. Учурдагы абал кандай? Видео

Керкидан айылындагы кыргыз-өзбек чек арасы
Керкидан айылындагы кыргыз-өзбек чек арасы

Turmush -  Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында абал туруктуу, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев билдирди.

Кечээ, 10-сентябрь күнү Керкидан суу сактагычынын аймагында Өзбекстандын аскерлери өздөрүнө тиешелүү жер тилкесин тосуп баштаган. Ага жергиликтүү тургундар нааразы болуп чыгышкан.

«Чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Керкидан суу сактагычынын айланасындагы жер тилкени Өзбекстан тарап тосо баштаган. Тосулуп жаткан жердин делимитациясы (эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чек араны аныктоо) бүткөн, демаркациясы (чек ара белгилерин орнотуу) гана калган. Кечээ кечинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен Керкиданга барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтандырганбыз. Учурда абал тынч, Өзбекстан тараптан тосулуп жаткан жерде эч ким жок», - деди К.Айтибаев.

Ал эми Керкидан айылынын Шүкүр аттуу тургуну Өзбекстан аталган тилкени өз билемдик менен тосо баштаганын айтты.

«Чек ара (Керкидан суу сактагычындагы жер тилкеси) тактала элек деп жатышкан. Өзбек тарап тосуп баштаганына жергиликтүү тургундар нааразы болуп, талаш жаралды», - деди ал.

Видео социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жарыяланган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×