Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 11.09.2019 19:59

Түштүк Кореяда алтын тагынган Эдилбек Шакирмаматовду салтанаттуу тосуп алышты. Видео

Turmush -  Түштүк Кореяда өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинде алтын тагынган Эдилбек Шакирмаматовду салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 11-сентябрь күнү «Ош» эл аралык аэропортунда 31-августтан 6-сентябрга чейин Түштүк Кореянын Чхунджу шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 82 кг салмактагылар арасында ат салышкан Эдилбек Шакирмаматовду Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Ражапов, спортчунун ата-энеси, жакындары, ошондой эле спорт сүйүүчүлөрү тосушкан.

Түштүк Кореяда өткөн күжүрмөн самбо боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышып, алардын үчөө алтын тагынганын Эдилбек Шакирмаматов билдирди.

«Мелдешке 100 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышты. Беттештер оор болуп, финалда түркмөнстандык спортчу менен 5 мүнөт күч сынашып, упай айырмачылыгы менен утуп алдым. Негизинен 4 беттеш өткөрмөкмүн, бирок 3 спортчу менен беттештим. Бир спортчу беттешке чыккан жок. 1-орунду алганыма кубанычтамын, жеңишимди мекениме арнайм. Буюрса алдыда өтүүчү мелдештерге жакшы даярданып, өлкөбүздүн желегин желбиреткенге аракет кылам», - деди спортчу.

Эдилбек Шакирмаматов 5 бир туугандын ортончусу.

Буга чейин Turmush басылмасы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, жаш спортчу Саяк Бараконов Түштүк Кореяда өткөн мелдеште алтын медаль тагынганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×