Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусу, Озгон 20.09.2019 10:53 На русском

Өзгөндө бөбөктөр Мамлекеттик тил күнүн белгилешти (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн шаарында бөбөктөр Мамлекеттик тил күнүн белгилешти. Бул тууралуу Өзгөн шаардык балдар чыгармачылык борборунун адиси Калыскан Акматова билдирди.

Кечээ, 19-сентябрда Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан бала бакчаларда Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата «Мамлекеттин келечеги — мамлекеттик тилде» аттуу флешмоб өткөрүлдү. Калыскан Ахматованын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — балдарды жаштайынан эне тилин сүйүүгө үйрөтүү жана аны даңазалоо.

«Учурда "Булбулча", "Ак кеме" , "Ай-Мээрим" бала бакчасында "Бөбөк, сенин жомогуң" аталышындагы 1 айлык акция өтүүдө жана флешмобдор дагы уюштурулду», - деди ал.

Өзгөн шаарында 8 орто мектеп, 6 бала бакча бар.

Кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил макамын алган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×