Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусу, Кара-Суу 01.10.2019 12:54

Кара-Суунун мэри карыяларды куттуктады

Turmush -  Кара-Суу шаарынын мэри Кутугали Козубаев аксакал адамдардан кабар алды. Бул тууралуу Кара-Суу шаарынын мэриясы билдирди.

Бүгүн, 1-октябрь күнү Кутугали Козубаев эл аралык Карылар күнүнө карата аз камсыз болгон жана жалгыз бой карыялар менен жолугушкан. Мэр Кара-Суу районунун акиминин орун басары менен бирге карыяларга акчалай сыйлык, азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Кутугали Козубаев куттуктоо сөзүндө карыяларга узак жашоо каалады.

«Кыргызда "Карысы бардын, ырысы бар" деп айтылат. Ден соолукта болгула. Карылары жок элдин келечеги дагы жок. Ошондуктан арабызда балпайган байбиче, кардырлуу карыя болуп жүрө бериңиздер», - деди К.Козубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×