Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 08.10.2019 09:51 На русском

Ошто жайыттан жана адырдан мал уурдаган 2 адам кармалды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ош облусунда укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында 2 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айында Ош ОИИБдин, Ноокат жана Кара-Кулжа РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген адамдар кармалган.

17-август күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө Ноокат районунун 1976-жылы туулган тургуну С.Н. Көк-Бел айылындагы адырда бош жүргөн уюн жана торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан «Мал уурулук» операциясы уюштурулуп, 24-сентябрь күнү шектүү катары Ноокат районунун 1965-жылы туулган тургуну А.Д. кармалган. Шектүү уурдалган малдарды 19-август күнү Өзгөн районунун Прогресс айылындагы мал базарда сатып жибергенин билдирген. Уурдалган малдар колдон колго өтүп кетип, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы мал базардан табылган.

Ошондой эле 29-сентябрга караган түнү Өзгөн районунун 1994-жылы туулган тургуну Ш.Э. Кара-Кулжа районунун Сай айылынын 1968-жылы туулган тургуну Н.Б.нын 3 баш малын жайытта жүргөн жеринен жашыруун «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасына жүктөп, Жалал-Абад облусуна бара жаткан жеринен Кара-Кулжа РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Учурда шектүү А.Д. жана Ш.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×