Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Ош облусу, Кара-Суу 10.10.2019 10:24

Кара-Сууда саясий ишмер Батырали Сыдыковдун 80 жылдыгы белгиленүүдө

Turmush -  Кара-Суу шаарында коомдук жана саясий ишмер Батырали Сыдыковдун атын алып жүргөн көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу Кара-Суу шаардык мэриясы билдирди.

Быйыл Кара-Суу районунун акими (1993-1995), Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси (1995-2001), К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору (2001-2008) болуп иштеген Батырали Сыдыковдун 80 жылдыгы белгиленүүдө. Ага карата саясий ишмердин аты берилген көчө жарыктандырылып, баннер илинди. Ошондой эле мектептерде Б.Сыдыковго арналган «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» темасындагы класстык сааттар өтүүдө.

Сыдыков Батырали Сыдыкович 1939-жылы 27-октябрда Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. 1968-жылы Москвадагы Ветеринардык академиясын аяктаган. 1979-1982-жылдары Ош облустук партия комитетинде айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1990-1993-жылдары Ош облусунун туңгуч губернатору болгон.

2010-жылы облустук «Ош даткасы» ордени менен сыйланган. Философия илимининин доктору, биология илиминин кандидаты илимий даражаларын жактаган.

Батырали Сыдыков 2014-жылдын 27-декабрында каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×