Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 11.10.2019 16:59

6 чакырым жөө баскан окуучулар: Өзгөндөгү мектептин курулушу 2,5 жылда бүттү. Сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда Чыңгыз Айтматовдун аты берилген мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 11-октябрь күнү Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылында 275 орундуу жана эки кабаттуу мектептин ачылыш аземи өттү. Мектептин директору Раиса Кулбаеванын айтымында, курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 69 млн сом бөлүнүп, жумуштар 2,5 жылда бүткөрүлгөн.

«Учурда мектепте бир нөөмөт менен 200дөн ашык окуучу окуп, 11 мугалим иштейт. Буга чейин окуучулар 5-6 км алыстыктагы Кароол айыл өкмөтүндөгү Токтогул орто мектебине барып билим алып келишкен», - деди Раиса Кулбаева.

2017-жылы жер көчкүдөн жабыркагандар жана кооптуу жерде жайгашкан 5 айылдын тургундары Ынтымак айылына көчүрүлгөн. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Эржигит Асановдун айтымында, аталган айылга жалпы 1 миң 39 адам көчүрүлөт. Алардын 689у көчүп келишсе, 300дөн ашыгы үй куруп башташка.

«Жер көчкү коркунучу бар 5 айылдын жашоочулары көчүрүлүп келген айылды тургундар ынтымактуу жашашсын деп Ынтымак деп атадык. Бул жерде 300дөн ашык түтүн жашайт. Акырындык менен көйгөйлөр чечилип жатат. Таза суу, ички жолдор, ФАП, бала бакча, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча долбоорлор даяр. Буюрса 1-2 жылдын ичинде Ынтымак айылында бардык шарттар түзүлөт», - деди Эржигит Асанов.

Мектептин ачылганына жергиликтүү тургундар дагы ыраазы.

«Мурда окуучулар 5-6 км алыстыктагы Токтогул атындагы орто мектебине жөө барышчу. Кичи автобус каттап жүрүп, 1 айдан кийин кайра токтоп калган. Такси кымбат, 30 сом. Эми бала бакча менен ФАП курулуп калса жашы болмок», -деди Жазгүл Мырзаева.

-----------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ынтымак айылындагы мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар 7 чакырым алыстагы мектепке барууга аргасыз болуп жатышканын жазган.

Жергиликтүү тургун Рысбек Парманкулов окуучулар мектепке баруу үчүн түнкү саат төрттө туруп даярданышаарын айткан.

«Биз жер көчкүдөн улам Жалпак-Таш айыл өкмөтүнөн көчүп келгенбиз. Окуучулар жаңы мектеп толугу менен курулуп бүтпөгөнүнө байланыштуу балдарыбыз 7 чакырымды жөө басып, Куршаб айыл өкмөтүндөгү Токтогул мектебине барып жатышат. Эртең менен, түштөн кийин окуган балдар да кыйналышат. Менин да неберелерим мектепке барат. Кечигип барса, мугалимдери урушат экен. Суук болгон күндөрү барбай калып жатышат. Ээн талаада кечкисин чөөлөр көп болот. Балдарыбыздын алыс мектепке барганы бизди түйшөлтүүдө. Айрым учурда өзүбүз жеткирип келебиз. Жаңы курулуп жаткан мектепте башталгыч класстын окуучулары гана окуп жатышат. 5-класстан жогору окугандар Токтогул мектебине барышат. Бизге жаңы мектепти тезирээк ачып беришсе жакшы болмок», - деген Р.Парманкулов.

Ал эми Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевдин айтымында, мектептин курулушунун кечиккенине курулуш компаниянын кызматкерлеринин жалкоолугу себеп болгон.

Аталган мектептин жалпы сметалык баасы 92 млн сомду түзөт. Мектептин курулушу өткөн жылдын 25-декабрында бүтөрү айтылган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

2019-жылы апрель айында тартылган видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×