Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.10.2019 15:47

Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө 2 бала бакча ачылды (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө 11-октябрда 2 бала бакча ачылып, мрамор таш кесүүчү ишкана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзгөн районунун акими катышты.

Айыл өкмөттүн башчысы Кутманбек Эралиевдин айтымында, бала бакчанын бирин жеке ишкер куруп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берди.

«Айылда бала бакча ачылып жатат. Киров айылындагы «Искен-Нур» бала бакчасынын имараты 3 жыл курулуп, ага 6,5 млн сом жумшалды. Бул айылдан эрежесиз эр уруш боюнча Искен аттуу жигит чемпион болуп чыккан. Ал 7 жыл мурун 21 жашында Россияда киши колдуу болуп каза болгон. Бала бакчадан айылды көтөргөн чемпиондор чыксын деген ниет менен бала бакчага чемпиондун ысымын ыйгардык. Ал эми Түз-Бел айылындагы 90 орундуу «Ширинбү апа» бала бакчасын жеке ишкер өз каражатына куруп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берди.

Ушул эле айылда таш кесүүчү ишкана да ачылды. Аны 20 жылдан бери чет жерде мигрант болуп иштеп жүргөн айыл тургуну 16,5 млн сомго курду. Бардык керектелүүчү техникалар Түркиядан алынды. Учурда 20 тургун иш менен камсыз болду», - деди айыл өкмөт башчысы.

Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө 8 айыл бар. Анда 9 миңден ашык түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×