Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 13.10.2019 18:04 На русском

Оштогу сулуулук салондо 18 жаштагы кыз сабалды. Окуянын чоо-жайы

город, ош
город, ош

Turmush -  Ош шаарынын тургуну сулуулук салондогу бейбашчылык үчүн айыпка жыгылды. Иштин материалын шаардык сот карап чыкты.

Айыпталуучу Кара-Кулжа районунда 1978-жылы туулган Назира [К.Н.Д., аты өзгөртүлдү] үй-бүлөлүү, орто билимдүү, эч жерде иштебейт. Ал Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбашчылык) боюнча жоопко тартылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, жаңжал 4-августта саат 21:30 чамасында У.Салиева көчөсүндө жайгашкан сулуулук салондордун биринде болгон. Шаардын 2001-жылы туулган тургуну Айнура [Ш.А., аты өзгөртүлдү] сулуулук салондо иштеп жаткан. Ал эми Назира кардар катары келип, Айнураны себепсиз сабаган.

Сотто Назира күнөөсүн мойнуна албай, окуя болгон күнү сулуулук салонго чачын боётуу үчүн келгенин билдирген. Имараттын ичинен ал чач боёкторду карап жатып, салондогу кыздар менен сүйлөшүп отурган. Маектешүү учурунда Айнура алар Россияда болуп, шеллак жасоону үйрөнүп келишкенин айткан. Назирага шеллак жасатууну сунуштаган. Ал макул болгон.

Назиранын айтымында, жаңжал ал салондон кетип жатканда башталган. Кыздардын бири Назирага эшикти жаба кет деп айткан. Ал Айнуранын аркасынан бара жатканда колу кийимине илинип кетип, анын тырмагын сындырып алган.

Ал эми Айнуранын айтымында, айыпталуучу аларга 24-июлда чачын боётуу үчүн келген. Ал Назирага шеллак жасатууну өтүнгөндө, ал макул болгон. Бирок жанында акчасы жок экенин айтып, кийинчерээк алып келип берерин билдирген. Алар шеллак жасап берген. Эки күн өткөндөн кийин Назира акчасын алып келип берген эмес. Айнура ага телефон чалып, акчаны алып келип берүүнү өтүнгөн. Эгер алып келип бербесе милицияга арыз жаза турганын айткан. Айыпталуучу жакынкы күндөрдө акчасын алып барарын айткан.

Айнуранын айтымында, окуя болгон күнү ал жумушка барган эмес. Назира салонго келип, Айнураны сураган. Кесиптештери акчаны аларга таштап коюуну өтүнүшкөн, бирок ал баш тартып, жеке өзүнө берерин билдирген.

Кесиптештери Айнурага телефон чалып айтышкан. Андан кийин Айнура салонго апасы менен келген. Айыпталуучу цензурага жатпаган сөздөр менен урушуп, асыла баштаган. Аларды апасы жана салондун кызматкерлери арачалап калышкан. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Алар Назираны бошотпой турууну өтүнүшкөн. Салондун кызматкерлери эшикти бекитип жатканда Назира каршылык көрсөтүп, жабырлануучунун тырмагын сындырып салган. Анын үстүнкү кийимин тытып, уюлдук телефонун полго ыргытып жиберген. Андан кийин качып кеткен. Кыздар болгон окуяны телефонго тартып калышкан. Материалдык зыяндын суммасы 1300 сомду түзгөн.

Иштин материалын карап чыккан сот Назираны күнөөлүү деп таап, ага 30 миң сом айып пул салды. Чечим ушул жылдын 1-октябрында кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×