Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баракелде, Бишкек 17.10.2019 08:00

Милиционер З.Чолпонкуловдун спорттогу ийгилиги

Turmush -  ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкундагы жигиттер бир гана эл-журтунун бейпил жашоосун камсыз кылууда өздөрүнүн тайманбастыгын көрсөтпөстөн, полктун спорттук турмушуна да активдүү катышып, спорттун бир нече түрлөрү боюнча эл аралык жана өлкө ичиндеги мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылып келишет. Алардын катарындагы 1-батальондун 1-ротасынын 1-взводунун милиционери, милициянын старшинасы Чолпонкулов Замирбек Мендибекович менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал кыргыз жана казак күрөшү боюнча спорт чебери жана бир нече мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

«Мен спортко кызыкканым менен эч убакта спорттун чебери болуп, кыргыз элимдин желегин чет өлкөдө желбиретип, намысын коргойм деп ойлогон эмесмин. Жөн гана спорт сүйүүчүлөрүнүн бири болом деп ойлогом. Мектепте окуп жүргөн мезгилде жөн гана спорт менен машыгып жүрдүм. Негизи менин спортко аралашуум капысынан болгон. Ар бир адам кичинекей кезинде келечекте бир кесиптин ээси болууну самайт эмеспи. Бала кезимде «сен чоңойгондо ким болосуң?» деген суроого эч ойлонбой туруп «дене тарбия мугалими болом» деп жооп берчүмүн. Бирок кыялдар бат эле өзгөрөт экен.

Баарыӊарга белгилүү болгондой, 2008-жылы Пекин шаарында өткөн олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды жеңген Канат Бегалиевдин ийгилиги мени спорт менен профессионалдуу машыгуума түрткү берди. Андан кийин анын күрөштөрүн байма-бай көрүп, кызыгуум күчөй баштаган. Ушундан баштап чыныгы профессионалдык спортко болгон кызыгуум ойгонду десем болот. Канат Бегалиевди өзүмө кумир катары тута баштадым. Машыккан сайын спорт дүйнөсүн багындырууну самай баштадым», - деди ал.

Арадан убакыт өткөн сайын Замирбектин спортко болгон кызыгуусу күчөгөн. 2011-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарына келип, жогорку окуу жайда билим алып, бош убактысын спортко арнаган.

«Көп өтпөй спорт чебери жана эл аралык класстагы машыктыруучу болдум. Ошондой эле белбоо жана кыргыз күрөшү боюнча Европанын, Азиянын жана Көчмөндөр оюндарынын чемпиону Чыңгыз Чалабаев менен таанышып, анын кол алдында машыга баштадым. Ушул эле жылы кыргыз күрөш боюнча 66 кг салмакта Кыргызстандын чемпиону болуп, Азия оюндарына жолдомо алдым. Анда коло медаль утуп алдым. Андан кийин 2014-жылы Көчмөндөр оюндары жана Евразия чемпионатына катышып, күмүш медаль, 2016-жылы Казакстан Республикасында өткөн мелдеште алтын медалдын ээси болдум», - деди ал.

Замирдин аз убакыттын ичинде чоң ийгиликтерди жаратуусуна атасы Мендибектин салымы абдан чоң болгон.

«Мына ушундай ийгиликтерди багындырып келдим. Бирок эмнегедир бир нерсе жетишпегендей болуп, спорттон тышкары да кыргыз элим үчүн өлкөгө өз салымымды кошууну самап жүрдүм. Ошондой убакта Чыңгыз Чалабаевдин сунушу менен 2018-жылы ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкуна кирдим. Ошондо мен асмандан издегенимди жерден тапкандай сүйүнүп кабыл алдым. Азыр бул кызматым үчүн бир гана мен эмес, ата-энем жана бир туугандарым да сыймыктанып келет», - деди спортчу.

Ал аталган жумушка кирген күндөн тарта ИИМдин чемпионаттарында алдыңкы орунду багындырып келет.

«Негизи ар бир ийгилигиӊ сага чоӊ толкундоо, эбегейсиз зор сыймык, айтып бүткүс сезим алып келет. Эсимде, 2011-жылы 66 кг салмакта Азия оюндарына катышып, ийгилик жаратканда көзүмө кадимкидей жаш алгам. Ошол күндөн тарта 30дан ашуун мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келдим. Бир мезгилде баштагы айтып өткөн кыялым орундалып, дүйнөлүк деңгээлге чыгып, кыргыз желегин бийик көтөрөм деген үмүтүм күчүндө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×