Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Ош облусуНоокат району 18.10.2019 16:14

Ноокаттагы Борбаш айылынын аталышы уруулар арасында талаш жаратты

Борбаш айылы
Борбаш айылы

Turmush -  Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын аталышы уруулардын арасында талаш жаратты. Бул тууралуу жергиликтүү депутаттардын бири билдирди.

«Борбаш айылында 6 миң 800 адам жашайт. Аталган айылдын аталышы илгертеден эл оозунда Кайрагач аталса, документ боюнча Борбаш деп жазылган. Анын айынан жакынкы арада айылдын кире беришине Борбаш айылы деген стела орнотулган. Мындан улам жергиликтүү эл уруу-урууга бөлүнүп, айылдын аталышын Кайрагач кылууну көздөп жатышат. Айыл бир гана борбаш уруусунан аталгандыктан башка уруунун өкүлдөрүнө жакпай келет.

Негизи мындан мурда, тактап айтканда Бел колхозу бар учурда дагы документте Борбаш болуп жазылган. Бирок көпчүлүк эл эски адатынча Кайрагач деп атап келишкен. Буга улай эле өкмөт тарабынан да 2020-жылга чейин айылдардын жана шаарлардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртпөө жөнүндө мораторий жарыяланган. Бирок ага карабай жергиликтүү элдин бир бөлүгү айылдын атын өзгөртүп берүүнү суранып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылып келишет», - деди депутат.

Ал эми айылдын аталышын өзгөртүүнү каалаган жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, айыл Борбаш деп 2012-жылы аталып калган. Ага чейин айылдын аты Кайрагач болчу. Эл илгери айылдагы жалгыз өсүп турган Кайрагачтын айланасына акырындык менен көчүп келип, отурукташып калышкан. Ага карабай азыр бир уруунун өкүлдөрү өздөрүнүн уруусунун атынан айылды Борбаш деп атап алышты. Алардын бул кадамын жергиликтүүлөр туура эмес деп ойлойт жана айылдын аталышын Кайрагач деп өзгөртүүнү суранып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып келишет.

Жашоочулар айылдын эли уруу-урууга бөлүнүп, жаштардын арасында пикир келишпестиктер жарала баштаганына кооптонуп жатышат. Ошондуктан жергиликтүү бийлик бул маселени көңүл буруу менен карап чыгып, элди биримдикке чакырып, айылдын аталышын өзгөртүп, элдин тынчтандырууга чакырат.

Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдин айтымында, аталган маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Комиссиянын чечиминин негизинде бул маселе чечилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×