Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Ош облусуНоокат району 19.10.2019 11:36

Ноокаттын Кулуштан айылында 17 млн сомго курулган бала бакча ачылды

Turmush -  Бүгүн, 19-октябрда Ноокат районунун Кулуштан айылында «Нур-Белек» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 75 орундуу бала бакча 17 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Анын курулушу 2017-жылы башталган. Мекемеде 3 тарбиячы, 1 медайым, 2 жардамчы тарбиячы иштейт. Жергиликтүүлөр бул убакка чейин бала бакчага муктаж болуп келишкен. Бала бакчанын ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты.

Кулуштан айылында 1,5 миңден ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×