Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 24.10.2019 08:02 На русском

Таңкы саат алтыда башталган той: Кыргызстандагы бардар лөлүлөр жакшылыгын кантип белгилешет?

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Кыштак айылын лөлү тектүүлөр жердеп келет. Лөлү тектүү Алымжан ажынын эки небересинин сүннөт тоюна Turmush басылмасынын кабарчылары күбө болуп кайтты.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкери, лөлү коомунун президенти Бахадиржан Нармирзаев той-аштарда ысырапкерчиликке, ашыкча чыгымдарга жол берилбеши керектигин айтты.

Лөлү тектүүлөрдүн той-мааракелердеги салт-санаалары башка улуттардын салтына окшоп кетет.

«Бизде дагы кадимкидей сүннөт той, тушоо той, ажы той болуп, балдар аскерден кайтканда айыл элине кой союп той беришет. Бала төрөлгөндө той берилет. Бизде "акыйка той" деп коет. Анда кыз тарап бир кой союп, тууган-уругуна той берет. Бала тарап эки кой союп той берет. Ушундай салттар менен өткөрүлөт. Сүннөт тойдо болсо балдардын тага журту, таятасы менен таенеси сеп сыяктуу кылып жууркан төшөк камдап келет. Сүннөт той эртең мененки саат 06:00дө башталат. Эртең менен келген конокторго "нанүштө" (эртең мененки сый тамак) берилет. Андан соң түшкү саат 14:00дөн баштап аш демделип берилет. 90-100 миң сомго чейин акча каражат кетет. Той-аштарда ашыкча чыгымга жол берилбейт. Аксакалдар, айыл башчы тараптан тойлорго катуу көзөмөл болот», - деди ал.

Бахадиржан Нармирзаев кыз ала качуу лөлү тектүүлөрдө да боло турганын айтты.

«Уулду үйлөнтүп, кызды күйөөгө узатуучу тойлор кадимки өзбек, тажик улутундагы элдердин тоюндай өткөрүлөт. Үлпөт тойдогу салт-санааларыбыздын да окшош жактары көп. Жада калса кыз ала качуу бизде да бар. Эгерде кыз менен жигит жолугушуп, бирин-бири сүйсө, бирок ата-энеси бербей койсо кызды ала качып кетишет. Ал кызды ата-энеси кайра алып келгенге болбойт. Ошентип той башталат. Кызга сеп берилет. Кыз салонго барып жасанат, кечинде кыздын достору ырдап, бийлешет. Анын эртеси "Жар-жар" айтуу менен күйөө баланын үйүнө жеткирип беришет. Андан соң баланын үйүндө той башталат. Буюрса үйлөнүү тоюбузга чакырабыз, күбө болуп кетесиздер», - деди Бахадиржан Нармирзаев.

Жаңы-Кыштак айылында 5 миң лөлү тектүү жашоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×