Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 25.10.2019 13:53

Кара-Кулжада таштанды таштоочу жай тургундар пайдаланган суунун жээгинде жайгашканбы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Кара-Дарыя суусунун жанына таштандылар төгүлүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн тургуну Руслан Иранов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, таштандылар менен суунун аралыгы 100 метрге жетпейт.

«Кара-Дарыя суусун Шералы айыл өкмөтүнүн, Чимбай айылынын, Өзгөн районунун жашоочулары пайдаланышат. Бирок алар сууга таштанды төгүлүп жатканын билбей жатышат. Биздин айылдын жана Тор айылынын эли таштандыларды ошол тарапка ташташат. Ал жерде шамал болгондо баштыктар, кагаздар сууга учат. Эки унаа менен боз топурак түшүрүп, ортосун тосуп коюшкан. Бирок жамгыр жааса ал топурак ылай болуп калат. Унаалар таштандыларды кырга эле төгүп коюшат. Мен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисине барып, "суунун жээгине таштанды төгүүгө кантип уруксат бердиңер?" десем, "жардамчым барып көрүп келген" деди», - дейт Руслан Иранов.

Ал эми Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Тагдырбек Калмуратов таштанды таштоочу жайга дамба орнотулуп, ал жай суудан 500 метр алыста жайгашканын билдирди.

«Мен айыл өкмөт башчы болгонума 3 ай болду. Буга чейин айыл элинин таштанды таштоочу жайы жок болгондуктан, 1 жыл мурда 44 сотых жер бөлүнгөн. 2 айылдын тургундары таштандыларын ошол жерге ташташат. Экотехинспекциянын, санэпидемстанциянын уруксат кагаздары бар. Айылдан 3 км алыста жайгашкан. Таштанды таштоочу жай арызданган жарандын үлүш жерине жакын жайгашып калган, ошондуктан ызы-чуу жаратып жатат», - дейт Тагдырбек Калмуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×